Ири жол кырсыгында сегиз адамдын ичинде ӨКМдин 2 кызматкери да каза болгон

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кечээ, 21 майда Кадамжай районунун Чечме айылында ири жол кырсыгы катталган жерге барды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы (трал) үстүнө жүктөгүч жүктөп бара жатып, Чечме айылында жайгашкан «Чечме унаа жолу» өткөрүү бекетинде жол кырсыгына кабылган.

Унаанын ичиндеги куткаруучулар катуу жааган жаандан жабыркаган Кадамжай районунун Бөжөй айылына сел каналдарын жана габион торчолорун орнотууга бара жаткан.

Жол кырсыгынан мерт кеткендердин ичинде ӨКМдин 2 кызматкери каза болду жана 7 адам жаракат алган.

Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы жол кырсыктан жабыркаган адамдардын өздүгү такталганы айтылган.