Таласта төрөлгөн ымыркайын тирүүлөй көмүп кеткен аял кармалды

13-май күнү  Талас шаардык милицияга  облустук биргелешкен ооруканасынын  төрөт бөлүмүнүн дарыгери телефон аркылуу Талас шаарынын тургуну 1983-ж.т. К. Е.төрөттөн кийинки абалда, наристеси жок кайрылганы туурасында билдирүү жөнөткөн. Бул туурасында Талас облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган факты 13-май күнү маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталган.

Окуяны териштирүү учурунда, Талас шаарында 4 баласы  менен чогуу жашап жүрүшкөн. Ал эми  2021-жылдын октябрь айларында никеси жок кош бойлуу  болуп калгандыгы аныкталган. Талас шаарында  токой жээкте сейилдеп жүргөн маалда толгосу башталып, ошол жерден төрөп, андан кийин эмне кылаарын билбей жаңы төрөлгөн ымыркайды  тирүүлөй көмүп, кетип калгандыгы аныкталган.

Аталган окуя боюнча соттук-медициналык эскпертиза дайындалып, ымыркайдын сөөгү Талас облустук оорукана жеткирилип, экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча  14-майда “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүү” фактысы менен  кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча тиешелүү  эскпертизалар дайындалган.

Учурда Е.К. Талас облустук оорукананын гинекология бөлүмүндө дарыланууда. Тергөө амалдары жүрүп жатат.