Диктор Бактыбек Мамытов дүйнө салды

Белгилүү диктор, кыргыз телевидениесинин жылдызы Бактыбек Мамытов 20-майда 72 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган.

Ал көп жылдар бою белгилүү “Арноо концертин” алып барган.

“Булак. кж” редакциясынын эмгек жааматы диктордун жакын туугандарына, санаалаштарына жана сапарлаштырына терең кайгыруу менен көңүл айтат.