
Бүгүн, 17-май күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облустук төрөт үйүндө жарыкка келген төрт эм ымыркайдан кабар алды.
Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы ымыркайлардын ата-энесин куттуктап, 100 миң сом сүйүнчү берди.
Белгилей кетсек, 2-майда Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургуну төрт эм ымыркайларды жарыкка алып келген.