Жарандык активист Атай Бейшенбек 16-майда Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө эки сааттан ашык сурак берип чыкты. Анын сөзүнө караганда, 2019-жылы Айыл чарба министрлигине 200 миң сомго сайт жасап берүү иштерине катышкан. Бирок сайт ишке кирбей калган.
“Сайтты өздөрү ишке киргизбей сотко арыз жазышыптыр. Соттун чечими чыгып, бирок ал аткарылбай жатат деп сот аткаруучулар милицияга кайрылыптыр. Мени 200 миң сомду кайра кайтарып бербей жатат дешүүдө. Соттун чечимин көрө элекмин”, — деди Атай Бейшенбек.
Активист башка жакка чыкпоо тил каты менен коё берилди.