Суусамыр суусуна чөгүп кеткен депутаттын сөөгү табылды

Суусамыр суусуна чөгүп кеткен Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылынын депутаты Бакир Исаковдун сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-майда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 10 куткаруучу, Жайыл райондук №22 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 3 куткаруучу, Панфилов райондук №2 ӨКБдан 2 куткаруучу, суучулдар кызматынан 5 суучул, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 25 адам тартылган.

Жумгал районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жумгал райондук №43 ӨКБдан 9 куткаруучу, жалпы 34 куткаруучу тартылып, саат 20:30да иш-чаралар убактылуу токтотулган. Издөө иштери 16-майда улантылган”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бакир Исаковдун эжеси Назима Исакова агасы ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте Суусамыр суусунун ортосунда такалып калган атын чыгаралы деп жатканда сууга кулап кеткендигин жана ӨКМдин кызматкерлери чара көрбөй жатышкандыгын билдирген.

“Кайык көмкөрүлүп кетип, алар сууга кулап кетишти. Агам ӨКМ кызматкерин жээкке түртүптүр, өзүнүн жиби үзүлүп, аны суу агызып кетиптир. Кызматкерлер бир гана кесиптешин эмес, агамды дагы куткаруу үчүн чара көрүшү керек болчу. Үч күндөн бери аны куткаруучулар издешкен” – деп билдирген анын эжеси Назима.