
Бишкекте 6-12-майда жол эрежесин бузуу боюнча 4 миң 86 факты катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Алардын ичинен:
- Мас абалында унаа башкаруу — 95 айдоочу;
- Унаанын терезесин караңгылатуу — 16;
- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу — 65;
- Жөө жүргүнчү, велосипедчендер тарабынан жол эрежесин бузуу — 321;
- Коопсуздук курун тагынбоо жана мотошлем кийбөө — 940;
- Башка бузуулар — 2 миң 107.
Айып аянтчасына жалпы 542 унаа токтотулган.