Таажы вирусу бүгүн табылган жок

Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен 10 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 15 бейтап, амбулатордук түрдө 33 адам дарыланууда.

15 бейтаптын ичинен сегизинин абалы орто оор, төртөөнүн абалы оор жана үчөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 982 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 351 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.