Эдил Байсалов: «Жарандар пенсияга акча топтоосу керек»

Биздин өлкөдө социалдык төлөмдөрдү төлөөчүлөр аз. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эдил Байсалов пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, социалдык төлөмдөрдү негизинен ири компаниялар түзөт.

«Базардагы сатуучулар, мигранттар, дыйкандар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна да, Социалдык фондго да эч нерсе төлөшпөйт. Бизде азыр көп төлөөчүлөр жок. Биз жарандарга мамлекет эч нерсе бербестигин айтып, пенсияга акча топтоо керектигин түшүндүргүбүз келет», — деди ал.

Эдил Байсалов белгилегендей, концепцияга ылайык, пенсияга чыгуу үчүн айрым жеңилдиктерди алып салуу чаралары этап менен ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, Социалдык фонд жарандарды мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгарууга тыюу салууну сунуштоодо. Аталган башкармалыктын төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаеванын айтымында, жыл сайын жаңыдан келген пенсионерлердин 50 пайызы пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыккандар түзүшөт.