Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплому шек жаратты

Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплому жасалма деп шектелүүдө.

Алар Исмаилов Фархат Даткабаевич (фракция «Ата-Журт Кыргызстан») жана Алимжанов Фарходбек Айбекович (фракция «Альянс») аттуу депутаттар экени айтылууда.

БШКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, мыйзам боюнча депутат болуу үчүн жогорку билимдүү болушу керек экендигин билдирди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүүнү улантып жатканын маалымдаган.

Ага ылайык, учурда жасалма диплом колдонгон жана кош жарандыгы бар деген шек менен төмөнкү тармактагылар текшерилүүдө.

Алар:

  • Жогорку Кеңештин 3 депутаты,
  • Жогорку Кеңештин 2 экс-депутаты;
  • ЖК депутаттыгына 9 талапкер;
  • Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү
  • 1 министр;
  • 2 мэр;
  • 1 экс-мэр;
  • Шаардык кеңештин 3 депутаты;
  • 1 судья;
  • 1 мурдагы судья;
  • Эсеп палатасынын 2 кызматкери;
  • Прокуратуранын 1 кызматкери;
  • Ички иштер органдарынын 15 кызматкери;
  • УКМК ЧКнын 2 кызматкери;
  • Жазаларды аткаруу кызматынын 1 кызматкери;
  • Бажы кызматынын 1 кызматкери;
  • Салык кызматынын 6 кызматкери;
  • Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери;
  • Экономика жана коммерция министрлигинин 1 кызматкери;
  • Транспорт министрлигинен 2 кызматкер;
  • Айыл чарба министрлигинен 4 кызматкер;
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2 кызматкер;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен 2 кызматкер;
  • ДИМКдан 1 кызматкер;
  • Саламаттыкты сактоодон 2 кызматкер;
  • Билим берүү тармагында 40 кызматкер;
  • ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен 1 кызматкер;
  • Социалдык фонддун 3 кызматкери;
  • «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын 1 кызматкери;
  • «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин 1 кызматкери;
  • Мамлекеттик архивдин 1 кызматкери;
  • Банк тутумунан 2 кызматкер;
  • 2 адвокат;
  • 1 массалык маалымат каражаттарынын кызматкери;
  • 6 муниципалдык кызматкер;
  • 2 дин өкүлү;
  • Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1 орун басары;
  • Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2 кызматкери;
  • 2 вице-мэр;
  • 1 шаардык кеӊештин кызматкери;
  • Мэриянын 8 кызматкери;
  • РМАнын 1 жетекчиси, РМАнын 1 орун басары, 8 айыл аймагынын башчысы, 2 айыл өкмөт башчысынын орун басары, 18 айыл аймагынын кызматкери, 9 айылдык кеӊештин депутаты, башка мекемелерден 1.