Таласта милиция кызматкерлери отвертка менен коркуткан жарандарды кармады


Талас РИИБне Талас району Орто-Арык айылынын 42 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда, 25-март түнүндө Талас шаарынын батыш тарабында жайгашкан “Алтын-Казык” соода борборунун алдынан эки бейтааныш бала сабап, бутуна отвертка сайып коркутуп, уюлдук телефонун, 50 000 сом акчасын, 10 литр мотор майын жана авто унаанын фильтрин күч колдонуп алып койгондугун билдирген.

WhatsApp Image 2022 04 08 at 12.53.08 Таласта милиция кызматкерлери отвертка менен коркуткан жарандарды кармады


Окуя болгон жерге тергөө оперативдик тобу чыгып текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүү учурунда жабырлануучу Бишкектен Таласка такси кызматын аткарып, жүргүнчүлөрдү жеткирип келген жана тонолуп кеткен акчалар Бишкекетен берип жиберген адамдардыкы (передача) экендиги такталган.


Аталган факты РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын КЖКнин 206-беренеси (тоноочулук) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бетин ачуу үчүн милиция кызматкерлери ыкчам иштерди алып барышып, жыйынтыгында шектүүлөрдү аныктап кармашты. Алар Көк-ой айылынын 1989-ж.т. Т.Н. жана 1995-ж.т. Б.Д. экендиги аныкталган. Учурда алар ички иштер бөлүмүндө сурак беришүүдө, тергөө иштери жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2022 04 08 at 12.53.08 1 1 Таласта милиция кызматкерлери отвертка менен коркуткан жарандарды кармады
41a0bba4771a 1 Таласта милиция кызматкерлери отвертка менен коркуткан жарандарды кармады


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы