Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин эскерди.
Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду.
Андан соң чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитинде куран окулду.