Тергөө кызматы 59 жылдык мааракесин белгилөөдө

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы 59 жылдык мааракесин белгилөөдө

Жыл сайын 6-апрелде Ички иштер министрлигинин тутумунда тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.


Быйыл дагы бул кесиптик майрам белгиленип, ИИМдин Борбордук аппаратында Тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 59 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын өттү.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев тергөөчүлөрдү кесиптик майрамы менен куттуктады.

WhatsApp Image 2022 04 06 at 10.19.45 1 Тергөө кызматы 59 жылдык мааракесин белгилөөдө


“Урматтуу кесиптештер! Сиздерди тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 59 жылдыгы менен куттуктап, кесиптик ийгиликтерди, үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!
Сиздердин эмгегиңиздер эң чоң урмат-сыйга, ыраазычылыкка жана колдоого татыктуу. Өлкөнүн бейпил жашоосун камсыз кылууга күн сайын эбегейсиз салым кошуп келесиздер.
Тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө кошкон салымы чоң жана ички иштер органдарынын бардык ыкчам-иш аракеттеринин натыйжаларына чечүүчү таасирин тийгизип келет.


Тергөө кызматынын кызматкерлери мындан ары да өздөрүнүн кызматтык милдетине жана антына ишенимдүү болуп, өздөрүнүн күч-аракетин, билимин жана тажрыйбасын аларга жүктөлгөн милдеттерди абийирдүү аткарууга багыттай турганына ишенем.
Бардык кыйынчылыктарга карабай өз милдетин так аткарган тергөө бөлүмдөрүнүн ардагерлерин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Жылуу калоо-тилектердин бардыгын кабыл алыңыздар.


Сиздерге, үй-бүлөңүздөргө, жакындарыңыздарга бардык жакшылыктарды каалоо менен, аткарган эмгегиңер үчүн сый-урмат көрсөтөбүз» – дейт, ИИМдин башчысынын орун басары.
Ошондой эле, Тергөө кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери Ички иштер министрлигинин ведомстволук медалдары жана ардактуу тергөөчү төш белгиси менен сыйланышты.


Мындан сырткары, мурунку Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгын тергөө кызматынын начальниги милициянын полковниги Омуралиев Талант Боскоевичти баалуу сыйлыктар менен сыйлап, ардактуу эс алууга узатышты.
Иш чаранын жыйынтыгында ИИМдин Тергөө кызматынын начальниги А.Исмаилов, кол алдындагы кызматкерлерин тергөө кызматынын кесиптик майрамы менен куттуктап, мындан ары дагы тергөө кызматы көптөгөн ийгиликтерге жетише берээрин жана мыйзам чегинде иш жүргүзүп эл үчүн кызмат кылышаарына токтолду.

WhatsApp Image 2022 04 06 at 10.19.46 Тергөө кызматы 59 жылдык мааракесин белгилөөдө
WhatsApp Image 2022 04 06 at 10.19.44 1 Тергөө кызматы 59 жылдык мааракесин белгилөөдө

КР ИИМдин Басма сөз кызматы