Ошто баңгизат менен кармалган подполковник эки айга камалды

Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде баңгизат менен кармалган Ош ШИИБинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги А.У.К. аттуу адамдын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралган. Анын жыйынтыгында сот аны 28-майына чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Ош ШИИБинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, А.У.К. аттуу милициянын подполковниги жана Т.у.А. аттуу Милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору кармалган.

Подполковник тергөө учурунда абакта кармала турган болсо, Милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору аталган иш боюнча күбө катары өтүп жатат.