Эл акыны, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов менен коштошуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Эл акыны, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов менен коштошуу зыйнаты өттү.

Акынды узатууга келип сүйлөгөн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун атынан көңүл айтты.

Маркумду жайга өзү жазган «Ак булуттар» ыры менен узатышты.

Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. Ал 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.