Украина Эл аралык кылмыш сотун далил материалдарды көрүп кетүүгө Буча шаарына чакырды

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Эл аралык кылмыш сотун жана эл аралык уюмдардын миссиясын Киев облусунун Буча шаарына жана башка аймактарга келип, Орусия армиясынын адамзатка каршы жасаган аскердик кылмыштарына далил материалдарды көрүп кетүүгө чакырды. Министр Дмитрий Кулебанын билдирүүсү британиялык Times UK радиосунан берилди.

Кулебанын айтымында, алынган далилдер эл аралык жана чет элдик соттордо кылмыш кылгандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн керек болот.

“Алар ушул айыл менен шаарларда жүргөндө жана кетип баратканда жай тургундарды өлтүрүшкөн”, – деп билдирди Кулеба.

Министр ошондой эле орус армиясынын Украина аймагында талап-тоноочулук, кыйноо, адам өлтүрүү, зордуктуу сыяктуу кылмыштарды жасаганын айтты.

“21-кылымда мындайды элестетүү кыйын эле. Бирок булар биздин көз алдыбызда болуп жатат. Орусия “ИМ” тобунан дагы коркунучтуу”, – деген Кулеба.

Буга чейин Кулеба Орусияга карата санкциялары күчөтүүнү сураган. Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Фейсбук баракчасына Бучадагы сүрөттөрдү жарыялап, орус аскерлеринин энелери муну көрүүсүн сунуштаган.