Абдил Сегизбаев үй камагына чыгарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, атайын кызматтын тергөө абагында жаткан Абдил Сегизбаев үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук соттон кабарлашты.

Маалыматта, Абдил Сегизбаев Кылмыш кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган. Сот ага 4 млн. сомдук айып пул салып, аны төлөгөнгө чейин үй камакта болот.

УКМК бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Сегизбаев атайын кызматты 2016-2018-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген. Ал “Белизгейт” окуясы боюнча Жазык “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренесинин негизинде быйыл январда кармалган. Камакка алынардын алдында өзүнө карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган.

Ал 2021-жылы сентябрда УКМКнын алдындагы ооруканага жаткырылып, анын эмнеси ооруп ооруканага түшкөнү айтылган эмес.