2021-жылда жалпы 68 ​ авто кырсык оң рулдуу унаалардын катышуусу менен катталган

Аларга талдоо жүргүзгөн учурда, ал кырсыктардын кесепетинен 25 ​ адам каза болуп, 159 ​ адам денесинен ар кандай жаракаттарды алган. ​

Ал эми​ быйылкы жылдын 3 ай ичинде Талас облусунун ​ аймагында ​ ​ жалпы 8 жол кырсыгы катталса, анын ичинен 7 оң рулдуу авто унаанын катышуусу менен болгон. Облуста жалпы 40 миңге жакын авто унаа катталган, анын дээрлик көп бөлүгүн оң рулдуу унаалар түзөт.

Оң рулду авто унаалар башкарууда ар кандай ыңгайсыздык жаратат жана карама-каршы келе жаткан тилкедеги унааларды көрүүгө тоскоолдук кылат. Талас облусунда Бишкек шаарына минивен түрүндөгү унаалар менен эл ташыган унаалар көп. Ал унаалар кокустан жол кырсыгына учураса сегиз кишиге жакын адамдын өмүрүнө коркунуч туудурат.

Такси каттамындагы унаалар жүргүнчүлөрдү оң жактан түшүрүп, авариялык жагдайга алып келет. Ошондуктан, жол кырсыктарынын жана андан жабыркаган адамдардын санынын өсүшүнө себеп болууда.

Талас ОИИБнин ЖКККБ ​ ​