Террордук ишмердүүлүккө катышкан шектүү кармалды

Террордук ишмердүүлүккө катышкан делип издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип, террористтик ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн чет мамлекеттердин биринин 1965-жылы туулган жараны кармалды.

«Шектүү Кыргызстандын аймагында эл аралык террористтик уюмдардын идеяларын жайылтуу, ошондой эле ошол уюмга азгыруу жолу менен тартуу иштерин жүргүзүп жүргөн. Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда эл аралык террористтик уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.