Жол кырсыгына кабылгандар акыйкат издеп Садыр Жапаровго кайрылуу кат жолдошту

Вulak.kg редакциясына төмөнкүдөй кат келди:

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич!
Сизге экинчи жолу кайрылууга туура келүүдө, анткени Сиз башкарган, биз жашаган өлкөдө акыйкаттык орношу керек деп эсептейбиз, ар ким өз креслосуна олтуруп алып, өзүн мыйзамдын кулу эмес, хандык жүрүм-туруму менен каалагандай сүйлөп, каалагандай чечимдерди кабыл албашы керек, эл билген акыйкаттулукка көө сүйкөгөн жана элдин көңүлүн ирээнжиткен жагдайларды жаратпашы зарыл деп эсептейбиз.


Сиз социалдык түйүндөргө өзгөчө маани берип, дүйнө жүзүндө жана Кыргыз Республикасында болуп жаткан бардык окуяларга, жагдайларга баа берип ошол эле убакта мамлекеттик маанилүү чечимдерди да соцтүйүндөрдөгү баракчаларыңызга жарыялап жатасыз. Кыргызстан Орто Азия мамлекеттериндеги социалдык түйүндөргө өзгөчө маани берген өлкө катары, Президентибиз катары, сизге кайрылууга туура келди. Канча ойлонуп, канча толгонуп Ысык- Ата райондук сотунун чечими бир жактуу болоорун, кандайдыр бир денгээлде алдын ала сезип, алдын ала туюп турсак да, баары бир Конституциянын, адам укуктарынын гаранты катары Сизге кайрылып өз акыйкатыбызды айтып, ошол соттун мыйзам чегинде чечим кабыл алаарына ишенгибиз келет…


Кыскача тактап кетсем, 2021-жылдын 17-ноябрында Бишкек –Торугарт айлампа жолунун 28-чакырымында Караколдон Бишкекке “Тойота Ипсум” автоунаасы менен кардын катуу жаап, жол абдан тайгалак болуп жатканына карабастан ылдамдыгы саатына 138км ылдамдык келе жаткан Каныбек Байсеркеев каршы тилкеге чыгып бет алдындагы УАЗ автомашинасын сүзгөн. Үч киши, бирөөсү биздин бир тууганыбыз тирүүлөй күйүп кетти, эки киши денелеринен жарат алды, психологиялык катуу сокку болду. Жүздөгөн кишилерди катуу кайгыга салды. Мен Сизге, башкы Прокуратурага, Жогорку Сотко кайрылгам. Келген жоопторго маани берейин десем, 17-марттагы Ысык-Ата районундагы соттук отурум биздин үмүттөргө суу сепкендей эле болду.
Себеби, сот Н.Джунушева мыйзамдын туу туткан адам катары жабырлануучулардын таламын колдобой эле, баарыбызга кайгы алып келген адамды колдоо, ага арачы аракетинде болгону көзгө көрүнө байкалып турду. Сотко кеп айталбайт экенсиң, баарын мен чечем деген өкүмдарлыгы анын кыймылынан жана жүзүнөн байкалып турду, сотко катышып жаткандарга сый мамиле болгон жок, алдын ала тушүндүрүү иштерин катчысы жүргүзгөн жок. Биз бир тууганыбыздан айрылып турсак да биз сөз сүйлөп суроо бере албайт экенбиз, болгону көрүүчү, демек, соттун чечимине таасир эте албайт экенбиз. Сот процесси учурунда сот айым Н.Джунушева бир нече жолу жол кырсыгынын күнөөкөрүнө жана анын адвокатына элдешүү процессин керектигин айтып сунуш берип, арачы болуп жатты. Соттун ушинтип айтканга, арачы болгонго деги юридикалык акысы барбы? Менимче жок, үч киши өлдү, артында бала бакырасы, эли-журту кан жутуп калды, ал эми сот эптеп элдештирип сотун жыйынтыктаганы жатат. Мыйзамдын беренелерин ким туу тутат анда?


Биз кан жутуп сот адилеттүүлүгүн күтүп жатсак, сот айым элдешти деген бүтүм менен аны сот залынан актаганы тургандай эле сезилди. Сот залында 20 киши болдук, а сот болсо бизге так ушундай таасир калтырды. Эми кийинки сот отуруму 2022-жылдын 1-апрелине жылды. Ушуга көз сала турган киши барбы деги. Колу менен жазаган күнөөсүн мойну менен тартышы керекпи же ал жоопкерчиликке тартылбай калышы керекпи, ушул айдоочунун айынан үч жаркын адам кара жердин алдында калды, ал эми айдоочу жер үстүндө үч кишинин жаркын элесин тепсеп жеке жоопкерчилигин тартпай жүрүшү керек экен да, деген ойдо калдык.


Бишкек шаарында жол кырсыгы болсо соттун чечими менен СИЗОго бери дегенде 10 күн камап жатат, ал эми ушул эле Ысык-Ата райондук соту үч адам тирүүлөй өлүп жатса да, бир күн да каматпай эрке баласындай бошотуп жиберген.
Чүй облустук сотунун маалымат катчысы Байыз Байказы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айдоочу 17-январга чейин үй камагына чыгарылганын тастыктап, анын себебин түшүндүрдү. “Үй камагына чыгарууга прокурордун жардамчысы сунуш берген”, — деп билдирди облустук соттун маалымат катчысы.
Биз бир туугандардын атынан Президентке, Жогорку Сотко Прокуратура, улуттук коопсуздук органдарына жаздык. Каттар Президенттик администрациядан келди, Башкы Прокуратурага жибердик деп, Башкы прокуратурадан келди Чүй областтык Прокуратурасына жибердик деп, алар болсо Ысык Ата райондук прокуратурасына жибердик деп бир, эки жолу окшош кат жиберди. Жогорку сот элдин муң зарын угуп, жооп бергенге жараган жок.


Ошол сотко бери дегенде тартип жазасын да берген жок, беришсе жообу келет эле го. Сот прокуратурага шылтады, прокуратура бири бирине дайындады. Жыйынтыгы эмне болду. Сотто башкы айыптоочу прокурор жазып келгенин араң окуп берди, даярданбагандыгы билинип эле олтурат. Берген суроосу, аба ырайы кандай эле, деп жүз жолу сурады. Айтып олтурса сот процесси эмес эле күнөлүү жаранды актоо процесси эле болуп жаткандай эле туюлду. Негизги күбө көрсөтмөсүн алмаштырыптыр, айтоор бул соттук процесс боюнча “тамсил” жазыла турган болуп калды көрүнөт.
Ошондо Кыргызстанда акыйкат сот чечими болобу, же болбойбу, сот өзү арачыга түшүп жатса кандайдыр бир катуу жаза берээрине ишеничтин үмүттөрү урап бараткансыйт. Баарына убакыт тараза, бир Кудайга койдук, деп эле олтуруп калчудайбыз, анткени Кыргызстанда биз сыяктуу жүздөгөн адамдар бар экендигин окуп билип, аргасыздан ушундай ойлордун кучагында турабыз.
Биз, Кудайдан кийин эле ишене турганыбыз Президент деп, Сизге кайрылып турабыз, эгер башка органдарда ишенич бар болсо анда ошол эле Жогорку Сотко деле кайрылат элек да. Жогорку соттон эки ай ичинде бир да жооп келген жок…
Биринчи апрелдеги соттун акыйкат чечим кабыл алаарына ишенбейбиз. Факт деген факт да ошонун негизинде эле чечим чыгарса болот да, үч киши тирүүлөй күйүп өлдү, экөө жаракат алды, машина талкаланып өрттөнүп жок болду, бирок муну эске алчу киши жоктой эле сезилди, карай турган киши жок, калыс чечим алаарына ишеним жок, жабырлануучулардын көпчүлүгүн баарылап колго алып койгон шекилдүү.

WhatsApp Image 2022 03 31 at 07.52.08 1 Жол кырсыгына кабылгандар акыйкат издеп Садыр Жапаровго кайрылуу кат жолдошту


Бизге бир тууганыбызды ким кайрып берет, эми эч ким? Жок дегенде татыктуу жазасын алып көкшүнүбүз сууйт го десек, биздин үмүттөрдүн тилеги таш капчудай, ушундай боло берет экен да улуу урматтуу Президент!!! Кимге барып кайрылып, кимге барып датыбызды айтабыз, жалгыз бир эле Кудайгабы?… Анда адам тагдырын чечкен соттор керекпи?..
Жол кырсыгынан каза болгон Айнура Көкүмбаеванын (Абдрасулованын) бир туугандары

WhatsApp Image 2022 03 31 at 07.52.07 Жол кырсыгына кабылгандар акыйкат издеп Садыр Жапаровго кайрылуу кат жолдошту