
Дыйканбаев Эрнест Жунусович ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эрнест Дыйканбаев 1978-жылдын 27-январында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында туулган.
Эмгек жолу:
1995-жылдан 2000-жылга чейин академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин инженер-куруучу адистигине ээ болгон;
2009-жылдан 2011-жылга чеийн Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу Академиясынын угуучусу.
2022-жылдын 23-мартынан тартып КР ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалды.