
Депутат Элмурза Сатыбалдиев Эркин Мамбеталиев менен бирге сүрөткө түшкөн окуя боюнча комментарий берди.
Депутаттын айтымында, сүрөт 2017-жылы Борбиевдин туулган күнүндө тартылган.
“Эгер бул жаңы сүрөт болсо деле анын эмнеси бар? Бек Борбиев – ырчы, музыкант, аткаруучу. Мен анын өздүк майрамына баргам”, – деди Сатыбалдиев.
Ал божомолдогондой, Мамбеталиев менен бирге ырдаган.