Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Түркияда согушту токтотуу жолдорун талкуулашууда

Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Түркиянын Стамбул шаарына жолугушууга келишти. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жолугушуудагы ыктымал прогресс Украина менен Орусиянын лидерлеринин сүйлөшүүсүнө жол ачарын билдирди.

Эрдоган сүйлөшүүдөн жыйынтык чыга турган убакыт келгенин кошумчалап, ок атышууну токтотууга чакырды.

Бул эки аптадан берки алгачкы көзмө-көз жолугушуу. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыккан эмес.