“Катиба Тавхид ва-Жихад” эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү кармалды

“Катиба Тавхид ва-Жихад” эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиршти.

Маалыматка ылайык, мурда Сирияда диверсиялык, мина жардыргыч боюнча машыгуудан өткөн жана терроризмге каршы коалициянын күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан “Катиба Таухид ва-Жихад” эл аралык террористтик уюмунун согушкери кармалды.

Белгилүү болгондой, ал аталган эл аралык террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Сириядан жанкечти катары теракт жасоо үчүн аймактагы өлкөлөрдүн бирине жөнөтүлгөн. Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иш-чараларынын комплекси уланууда.