Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы кулап, жанындагы турак үйдү басып калды

Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 27-мартка караган түнү катталган. Анда жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кыштары (кирпич) коңшу үйдүн чатырына түшкөн. Жерине Бишкек 5 куткаруучу тартылган.

«Анын кесепетинен батирдин шыбы урап, 1958-жылы туулган П.Г. аттуу аялды басып калган. Жабырлануучуга «Тез жардам» кызматы тарабынан жардам көрсөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.