Садыр Жапаровдун жээни – Лазат Нуркожоева жол эрежесин бузганы үчүн айыпка жыгылды

Президент Садыр Жапаровдун карындашы, “Кыргызстан сулуусу-2020” наамынын ээси Лазат Нуркожоева жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыпка жыгылды.

R 3  Садыр Жапаровдун жээни - Лазат Нуркожоева жол эрежесин бузганы үчүн айыпка жыгылды

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу тарабынан белгилүү болду.

Лазат Нуркожоева унаасын туура эмес токтотуп жүргөн.

“Унаасын туура эмес токтотуп, жол эрежесин бузган айдоочуга кайгуул кызматкерлери тарабынан тийиштүү протокол толтурулуп, 1000 сом айып салынды.

Ошол эле учурда айдоочу өзүнүн маданияттуулугун көрсөтүп, кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди”, – дейт маалымат катчы.