
Украинадагы аскердик кагылышта каза болгон кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн, 25-мартта Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилет.
Маалыматка караганда, маркумдун сөөгү 24-мартта Кант авиабазасына жеткирилген.
Орус армиясынын катарында Украинадагы операцияга катышкан 19 жаштагы теги кыргызстандык жигит каза болгон. Ал Орусиянын жарандыгын алган жана төрт айдан бери аскерде кызмат өтөп жүргөн.