ЮНИСЕФ Кыргызстанга вакцина сактоочу 150 фризер жана 50 комбинацияланган муздаткыч берди

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстанга вакцина сактоочу 150 фризер жана 50 комбинацияланган муздаткыч берди.

   Аны тосуп алууга коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова, иммундук алдын алуу борборуну директору Гүлбара Ишенапысова, ЮНИСЕФтин өкүлү Томоя Сонода катышты.

Айта кетсек, БУУнун Балдар фонду бул жардамын COVAX программасынын алкагында көрсөтүүдө. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын долбоордун алкагында 46 фризер жана 35 комбинацияланган муздаткыч алган.