Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн, 23-мартта Биринчи Май райондук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча отурумга жеткиришип, бирок кайра колонияга алып кетишти. Себеби Атамбаев аны сотко кайтаруу менен жеткирип барган машинанын ичинен чыгуудан баш тартты.
Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, буга мурдагы президенттин ден соолугуна байланыштуу жагдай жана аны абактан күн суукта жеңил кийимчен алып чыгышканы себеп болду.
Кой-Таш окуясы боюнча бүгүнкү сот отуруму президенттик администрациянын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун катышуусу менен уланып, бирок соттук отурум 30-мартка жылды. Судья отурумду видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салды.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга кесилген. Ал эми 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланууда.