Өзгөндө көмүр шахтасы урап, 3 кытай жараны каза болду

Бул тууралуу Ош облустук милициясы “Азаттык” радиосуна маалымдаган.

Маалыматка ылайык, кырсык 20-мартка караган түнү Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында болгон. Анда “АБКЕ” деп аталган ишкананын шахтасында оор салмактагы көмүр аралаш таш кулап, көмүр казып жаткан 49 жана 51 жаштагы кытайлык үч жумушчуну басып калган.

Каза болгондордун денелерин чогуу иштеген жумушчулар өз алдынча чыгарып, милицияга өткөрүп берген. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.