
ИИМ: Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Казакстандын жараны кармалды
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзгөн иш-чарасы учурунда чет өлкөлүк жаран бир нече жолу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү жөнүндө маалымат алышкан.
2022-жылдын 15-март күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Казакстан Республикасынын жараны 1969-жылы туулган З.Ф. кармалган.
Жаран З.Ф.нын айтуусунда, ал 2019-жылы Казакстан Республикасындагы компанияларга ири суммадагы акча каражатын карыз болуп калгандыктан жана аны төлөөдөн качуу максатында 2019-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн.
Алынган маалымат боюнча, жаран З.Ф. Кыргыз Республикасына келгендиги тууралуу маалыматтар жок.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы