Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан кетиши керек,- Галина Куликова

Балдар фондунун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Галина Куликова саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жасаган мыйзам бузууларга чара көрүү өтүнүчү менен бийликке кайрылды. Ал бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Бейшеналивдин Акрамовдон кечирим суроонун кереги жок. Алымкадыр Бейшеналиев Эрнст Акрамовдун жанында турганга да татыксыз. Министрди ээлеген кызматынан бошотууну талап кылабыз. Андай адамдардын мындай кызматты ээлегенге акысы жок», — дейт Галина Куликова.

Анын айтымында, алар буга чейин Бейшеналиевдин аракеттери боюнча бийликке кайрылганын эске салып, бирок бүгүнкү күнгө чейин жооп боло электигин айтты,

«Садыр Жапаровдон, компетенттүү органдардын жетекчилеринен сурайын, кайрылуу жасайын деп келдим. Бейшеналиев уюштурган, мамлекеттик кызматкердин этикасынын нормалары, ар-намыс түшүнүгү, намыс түшүнүгү жок болгон бул аракеттерди токтотуп койгула. Ким жаргонду колдонуп, өлкөнүн ардактуу инсандарын кемсинтип жатат? Маданият ишмерлери, илимпоздор, илим үчүн жанын берген адамдар кол койгон кайрылууга эмне үчүн эч ким көңүл бурган жок», — деди Куликова.