Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын жарандарына Улуу Британиянын сезондук айыл чарба жумушчуларынын мамлекеттик программасына катышуу мүмкүндүгүн берүү жөнүндө Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында жазылат.
Документке Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен AGRI HR компаниясы кол койду.
Эдил Байсалов белгилегендей, бул кызматташтык кыргыз-британ мамилелерин бекемдейт.
«Бүгүнкү күндө мекендештерди мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында дүйнөнүн алдыңкы экономикасына ээ болгон Улуу Британия мамлекети менен кызматташуу түзүлүүдө. Бул жалаң эле каражат табуу эмес, жергиликтүү маданият жана эмгек этикасы, алдыңкы технологиялар, эмгекти уюштуруу жана башка жаңычылдыктар менен таанышууга да шарт түзөт. Министрлер Кабинети эмгек мигранттары үчүн жаңы багыттарды ачуу боюнча жигердүү иштерди улантат. Бул иш артыкчылыктуу саналат жана антикризистик чаралар жаатында маанилүү орунду ээлейт», — деди ал.
Белгиленгендей, программага ылайык, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин республикага кайтып келүүгө милдеттүү.