Орусиянын Биринчи каналынын редактору Марина Овсянникова дүйшөмбү күнү кечинде студияга согушка каршы плакат менен чыгып, «Время» программасын үзгүлтүккө учуратты.
Алып баруучу Екатерина Андреева премьер-министр Михаил Мишустиндин эл аралык санкциялардын таасирин жеңилдетүү пландары тууралуу айтып жатканда, капысынан анын артында «NOWAR (согушка жол жок)» деген жазуу кармаган бир кыз пайда болду.
Кийин ал видео тартып, анда 2014-жылы Украинадагы болуп жаткан окуяларга кайдыгер мамиле жасап койгондугуна өкүндү. Ал учурдагы согушту баштаган Россия, жана күнөөнүн баары бир эле адамдын моюнунда, ал Владимир Путин деп айтты. Ошондой эле ал анын атасы украин экендигин белгиледи.
ТАСС билдиргендей, Овсянникова кармалып, азыр ага административдик иш козголуп, Биринчи канал окуяга байланыштуу иликтөө жүргүзүүдө.