Алмаз Орозбеков Азия чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Алмаз Орозбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде өспүрүмдөр арасында бокс боюнча Азия чемпиону болду.

Финалда биздин мушкер тажикстандык мушкерди жеңип, курама командага алгачкы алтын медалды алып келди.

Белгилей кетсек, жаштар арасындагы Азия чемпионаты 2-13-март күндөрү Амман шаарында (Иордания) башкы машыктыруучу Айбек Байсаяковдун жетекчилигинде Кыргызстандын 12 спортчусунун катышуусунда өткөн.

Эмир Кылычбеков 50 килограммга чейинки салмакта күмүш байгеге ээ болсо, Зафарбек Камилов (46 килограммга чейин), Темирхан Данияров (48 килограммга чейин), Рамзан Кадыров (63 килограммга чейин), Мухаммадази Закиров (75 килограммга чейин) жана Азим Чойбеков (80 кг чейин) коло медаль тагынды.

1326279.0af2a70b4d22bb8bce1b33f323377e49 Алмаз Орозбеков Азия чемпиону болду
https://fb.watch/bLZFMmuatX/
https://fb.watch/bLZFMmuatX/