Бүгүн 11-март күнү Бакай-Ата РИИБи милициянын көчмө кабылдамасы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатвасын жеткирүүдө.
Райондун акиминин орун басары Батырбекова Айгул Абдрасуловна, Бакай-Ата РИИБнин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги жана билим берүү мекемесинин өкүлү менен бирдикте Өзгөрүш айылынын Кашка-Суу орто мектебинде окуучулардын ата-энелери менен жолугушту. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында жарпандарга түшүндүрүп жатышат.
Маркумду жерге коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөөгө, Кыргыз Республикасынын дин ченемдерди сактоого чакырышууда. Жарандар тарабынан бул жарлык түшүнүү менен кабыл алынды.
Бул чаралар Өлкөнүн президенти тарабынан жарандарга кам көрүү, социалдык абалды, өзгөчө жарандардын үй-бүлөлүк бюджетине кам көрүү максатында экендиги жеткирилип жатат. Ысырапкорлукка жол бербөө менен бүгүнкү күндө ар бир үй бүлөнү финансылык абалына жеңилдик болоору айтылууда. Бакай-Ата РИИБнин кызматкерлери ар бир айылды милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырып, топтошкон эл арасында түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Жергиликтүү калк бул иш чараны түшүнүү менен кабыл алышып, Президенттин Жарлыгын колдоо керектигин билдиришүүдө.
Талас ОИИБнин басма сөз кызматы