Аида Киргизбаева: «Биз окутуучу катары мезгил талап кылган кызматкерлерди даярдоого милдеттүүбүз»


Мезгил – бул улуу окутуучу. Мугалим – ошол мезгилдин күрөө тамырын кармай билген адис. Ооба, ар бир доордун, ар бир замандын өзүнө таандык мугалими болот.

Бирок, эч убакта бир мугалимден экинчи бирөө артык жана кем деген тараза жок. Мугалимдикти кесип кылган ар бир инсан өзүн улуу жана ошол эле маалда түйшүктүү ишке арнаган дыйкан десек болот. Анткени, мугалимдин берген билими бүтүндөй коомго таасир этет.

Коомдогу алдыга умтулуу, ачылыштар, өсүштөр мунун баары мугалимдин гана баштапкы аракетине байланыштуу. Андыктан мугалимдин эмгеги менен түйшүгү бул коомдун кан тамыры. Бүгүн биз ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын Тилге даярдык кафедрасынын улук окутуучусу, милициянын майору Киргизбаева Аида Рысбековна менен маектештик.

WhatsApp Image 2022 03 10 at 13.44.20 Аида Киргизбаева: «Биз окутуучу катары мезгил талап кылган кызматкерлерди даярдоого милдеттүүбүз»


-Аида Рысбековна, катардагы жогорку окуу жайлардан айырмаланып, аскерлештирилген Академияда сабак берүүнүн эмне артыкчылык же кемчиликтери болот?


-Албетте, биздин өлкөбүздө жарандык окуу жайлар менен аскерлештирилген окуу жайлардын ортосунда чоң айырмачылык бар. Анткени, аскерлештирилген окуу жайда аскердик тартип болот. Бизде көбүнчө аскердик тартипте уставга жана субординацияга басым жасалат. Офицердик курамга, жогорку офицердик курамга, жетектөөчү курамдарга бизде өз-өзүнчө аскердик тартип бар. Курсанттар дагы жаңы, алгач окуу жайга киргенден кийин, бир ай «КМБ»дан, жаш жоокерлерди даярдоо курсунан өтүшөт. Ошондо аскердик тартипке үйрөтүүгө басым жасалат. Андан кийин 1-курска киргенде аскердик жатаканага жатып, Кыргыз мамлекетине ант берүү менен аскердик тартипте билим алышат. Бул жерде биздин курсанттарыбызды да баса белгилеп кетишибиз керек. Курсанттардын жоопкерчилиги жарандык окуу жайдагыларга караганда көбүрөөк. Уставга ылайык, күнүмдүк тартипте окуу менен бирге аскердик тартипти да чогуу ала жүрүшөт. 1-курста бардыгы эсеп менен берилет. Ал эми 2-курстан баштап (казарма) жатаканадан бошотулушуп, үйлөрүнө барып келип окушат. Ошондуктан биздин окуу жайдын өзгөчөлүгү аскердик тартипке көбүрөөк басым жасалгандыгында.
-Адистигиңиз англис тилинен сабак берүү, үйрөтүү. Курсанттар ааламдык баарлашуунун башкы булагы болгон бул тилди кандай баскычта өздөштүрүшөт?


-Бул азыркы учурдун көйгөйлүү талабынын бири. Анткени, азыр ааламдашуу заманында бир гана орус тилге басым жасалбастан, англис тилине, чет тилдерге дагы көбүрөөк басым жасалып жатат. Курсанттарга дагы англис тилинен сабак берүү өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү күндө ИИМде кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен бирге экологиялык жана туристтик милициялар ачылган. Өлкө башчыбыз Кыргызстанда туризмди өнүктүрөбүз деп жатат, ошондуктан биз дагы замандын талабына ылайык кызматкерлерди даярдашыбыз керек. Маселен, курсанттар англис тилин өздөштүрүп, мектептен алып келген базалык билимине дагы кошумча андан-ары өркүндөтүп англис тилин үйрөнүп алса, балким туристтик милицияда же экологиялык милицияда болобу, ошол жакка багыт алып кете алышат. Ал эми биз, окутуучулар мезгил талап кылган кызматкерлерди даярдашыбыз керек.

Бул жааттан алганда тил үйрөнүүгө курсанттардын кызыгуусу жакшы, чет өлкөгө барып же болбосо андан-ары билимин улантам деген курсанттардын саны арбын. Англис тили сабагынын өзгөчөлүгүн ар бир өткөн сабакта түшүндүрүп турам. Курсанттар туура кабыл алышат. Азыркы жаш муундардын ой-жүгүртүүсү, умтулуусу аябай жогору, ошондуктан англис тилин жеткиликтүү үйрөткөнгө аракетимди жасап келе жатам. Бизде англис тили сабагы 1-курста гана берилет, бирок ошондой болсо дагы жакшы үйрөнүп кетишине аракеттенебиз. Мен эмгектенип жаткан тилге даярдык кафедрасында кыргыз тили, орус тили, англис тили, немец тили окутулат.


-Окутуунун форматы атайын билим берүү тармагынан бекитилет эмеспи. Бирок, ошол эле маалда ар бир окутуучунун өздүк ыкмасы, усулу да болушу керек. Сиз окутууда кандай ыкмага ыктап, кайсы усулду колдоносуз?
-Азыркы замандын талабына ылайык окутуунун техникалык ыкмаларын колдонуу ар бир мугалимдин милдети деп эсептейм. Мен дагы ар бир сабакка кирүүдө, ар бир сабакка даярданууда замандын талабына ылайык техникаларды колдонгонго аракет жасайм. Маселен, англис тили боюнча интернеттен көп маалыматтарды алсак болот. Ошон үчүн курсанттарды интернеттеги материалдарды пайдаланганга аудио угуу, сүйлөө же болбосо, ошол англис тилинде чакан видеороликтерди көрсөтүү ыкмасы менен көнүктүрүп, кайра курсанттардан түшүнгөнүн сурап, айтор, окутуунун техникалык каражаттары көбүрөөк пайдаланылып турат. Бирок, азыркы кездеги замандын талабына ылайык борбор түзүү зарылчылыгы бар экенин белгилеп кетким келет. Анткени тил үйрөнүүдө сөзсүз түрдө лингафондук угуп кайра сүйлөп, айта-биле турган окутуучу менен курсанттардын байланышын бекемдей турган азыркы аппаратура зарылчылыгын айтып кетким келет. Биздин кафедрада эки борбор бар. Мамлекеттик тил борбору жана орус тили борбору.
-Айтмакчы, баскан жолдун башаты болот, анын сыңары ИИМдин Академиясына окутуучу болуп эмне түрткүдөн улам качан, кантип келип калдыңыз?
-Ички иштер органдарында бир нече муун кызмат өтөгөн үй-бүлөлөрдөн айырмаланып, менин үй-бүлөмдө милицияда эч ким иштеген эмес, ошондуктан бул кесип жөнүндө айта турган эч ким болгон жок. Биздин үй-бүлөдө мен биринчилерден болуп милиция тармагындагы кесипти тандадым. Мен деле бардык милиция кызматкерлери айтып келишкендей мектептеги бала кезимден эле келечегимди укук коргоо тармагында көрүү кыялы менен жашагам. Милиция кызматкерлерин көрүп аябай суктанчумун. Бирок апам милиция тармагына окуп, иштегениме каршы болчу. Окуучу кезимде америкалык ырчылардын ырларын жазып, жаттап жүрчүмүн, кичинекейимде эле тилге кызыгуум бар болчу. Ошондуктан апам тил багытындагы окуу жайга тапшырганың жакшы деп айтканынан ата-эненин кеңешин туура көрүп, англис тили боюнча окутуучу болгонго кадам таштагам. Ошентип, «Англис тилинен окутуучу»-деген дипломго ээ болдум. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин эле бала кезимдеги кыялымды аркалап, ИИМдин Академиясына келип калдым. Ошол күндөн тарта ИИМдин Академиясында эмгектенгениме 18 жылдын жүзү болуп калыптыр. Эмгек жолумду ушул тапта иштеп жаткан “Тилге даярдык” кафедрасынан баштагам. Мындан ары дагы болгон билимимди, тажрыйбамды окутуу иштерине жумшап, ички иштер органдарынын ишмердигин жакшыртууга, тажрыйбалуу кызматкерлерди даярдоого өз салымымды кошо бергенге болгон аракетимди арнайм.
-Демек, сиз милиция болгондон кийин гана турмуш жолуна аттаныпсыз да. Тартип сакчылыгынын формасындагы айымдын жүрөгүн багынтууга даай алган адам деле бул тармактан алыс болбосо керек?…
-Ооба, турмуш жолум окуу жайын аяктап, ИИМдин Академиясына жумушка орношкондон кийин башталган. Биздин үй-бүлө дагы укук коргоочулардын үй-бүлөсү дегенге толук негиз бар. Анткени, менин жолдошум да милициянын подполковниги, ички иштер органдарында ыкчам иликтөө кызматында көп жылдан бери эмгектенет. Жолдошум экөөбүз бир системада иштегендиктен, ишибиздин өзгөчөлүгүн, түйшүгүн ошону менен катар сыймыгын да сезе билип, бири-бирибизди түшүнөбүз. Кээде кандайдыр бир жумуш учурунан улам жаман маанай, же болбосо кыйынчылыктар болсо, биз ар дайым кызматта болуп жаткан нерселердин бардыгын талкуулап, бири-бирибизге кеңеш берип, ошол учурдагы абалдан чыгуунун жолун чогуу таба алабыз. Мен үчүн бул абдан баалуу, анткени үй-бүлө менин жашоомдогу эң маанилүү орунда.
-Биздин турмушта айымдарга карьера жасоо оор. Мамлекеттик кызматтан сырткары да аны үйдө үй тиричилиги, бала тарбиялоо, кайын-журтка кызмат кылуу деген нерселер күтүп турат. Сиз бул өңүттү кантип ширелиштирип келесиз?


-Албетте туура. Айымдарда сөзсүз түрдө жумуштан кийин үй-бүлөлүк түйшүк дагы, үй тиричилик кызматы дагы моюнуна жүктөлгөн. Аны жеке эле мен эмес, бардык милиция айымдары жакшы түшүнөт. Биз бул кызматта эмгектенем деп келгенден кийин, үй-бүлөлүк түйшүктү да көтөрө билгенге аракет кылышыбыз керек. Ар кандай кырдаалдар болуп калат. Кээде күчөтүлгөн тартипте иштеп калабыз, кээде жумушка эрте келип, кеч кеткен учурлар болуп калат. Бирок, үй-бүлөдө бардык нерсени бирдей алып кеткенге аракетимди жумшайм, кыйынчылык деп эсептебейм. Анткени 18 жылдан бери көнүп, күнүмдүк турмуштай эле сезилип калган.
-Аида айым, болочок милиция кызматкерлерин окутуучу, устат катары айтсаңыз, милиция биздин коомдо өзүнүн образын кандай багытта ачыш керек?


-Милицияга берилген эң жогорку баа бул – элдин ага болгон ишеничи. Кыргыз милициясынын образы бул – элдин ишеничине ээ болгон кызматкер болушу зарыл. Ал образда – бүгүнкү күндөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук тартипти тескөөдө, жарандардын коопсуздугун сактоодо өзүнүн татыктуу ишин алып барган, бардык талаптарга жооп берген, тажрыйбалуу, билимдүү, кесипкөй, сабаттуу кызматкерлер жашашы керек.


ИИМдин “Бетме-бет” гезити -ИИМдин “Кыргыз милициясы” журналы