Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган министрлер ант берет, ага президент катышат

9-мартта Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган министрлер ант берет. Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмас Абытов билдирди.

Мамлекет башчы саат 16:00дө келери күтүлүүдө.

Жаңы министрлердин арасында Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев менен Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имнанов бар.