Ошто тоноо менен алектенген топ кармалды

Ош шаарында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тоноо менен алектенишкен топту кармашты


Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну арыз менен Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 11-сентябрь күнү ал жашаган батирге түнкү саат 24.00 чамасында белгисиз 6 адам кирип келишип, аны жана бирге жашаган шеригин электрошокер менен бычактар менен коркутушуп, 5 уюлдук телефонун, 2 даана кол саатын, чач кургатуучу фен, кийимдерин жана 2500 сом акчасын тоноп кеткендигин билдирген. Арыздануучу кол салган 5 адамдын арасында 3 кыз болгондугун белгилеген.

WhatsApp Image 2022 03 04 at 12.05.09 2 Ошто тоноо менен алектенген топ кармалды


Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, 2022-жылдын 28-февраль күнү бул кылмышка тиешелүү топтун бардык мүчөлөрү ар кайсы райондордон кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандар:


-2004-жылы туулган М.к.Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт:
-М.А., Кара-Суу районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
-2000-жылы туулган С.к.А., Алай районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
-А.уулу Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
-2003-жылы туулган А.к.А., Баткен районунун тургуну, эч жерде иштебейт.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (тоноо) белгилери менен тергөө иштери улантылууда. Бул топтун башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу иликтенип жатат.

WhatsApp Image 2022 03 04 at 12.05.09 1 Ошто тоноо менен алектенген топ кармалды
WhatsApp Image 2022 03 04 at 12.05.08 Ошто тоноо менен алектенген топ кармалды
WhatsApp Image 2022 03 04 at 12.05.10 1 Ошто тоноо менен алектенген топ кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы