FIFe Орусиянын мышыктарына 1-марттан тартып эл аралык көргөзмөлөргө катышууга тыюу салды

Эл аралык мышыктар федерациясы (FIFe), Орусиянын мышыктарына 1-марттан тартып эл аралык көргөзмөлөргө катышууга тыюу салды.

Маалыматка ылайык, 1-марттан тарта, Орусиядан алып келинген жана ошол өлкөнүн жарандарына таандык болгон бир дагы мышык көргөзмөлөргө катыша албайт.

Андан тышкары, аталган федерация Украианын мышык сүйүүчүлөрүн колдоо максатында бюджетинен акча бөлүп берет.