Депутат Мадумаровго: Сиздин образыңыз – «Волк в овечьей шкуре»

ЖКнын бүгүнкү экинчи марттагы жалпы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев кесиптеши Адахан Мадумаровдун дарегине карата катуу сын айтты.

Жеңишбек Токторбаев Мадумаровду депутаттарга мугалим болууну токтотууну айтты.

“Урматтуу биздин Адахан мырза! Өткөн аптада Коопсуздук комитетинде мыйзам долбоорун карап жатканда менин дарегиме сын айтты. «Силер өзүнөрдүн досуңардын законун өткөрүп жатасыңар» деп.

Бирок мен буга кошулбайм. Бизде Адахан мырза мугалим болгонун, акыл-насаат айтканын такыр койбоду. Кокуй, мен сүйлөсөм эле бир балакетти баштайт экен деп өзүн бийик тутуп, өзү жөнүндө бийик ойдо. Ал бул жактагы 88 депутаттын бири гана.
Улуу трибунада бир аз сын айтып койсом, убактыңарды алсам кечирим сурайм.

Чындыкты чындай айтыш керек. Урматтуу Адахан мырза, сиздин образыңыз: «Волк в овечьей шкуре». Түшүндүңүзбү?!”, — деди депутат.

Депутаттын сөзүн токтоткон ЖКнын төрагасы Талант Мамытов: «Регламент боюнча башка депутаттардын атын атап, шек келтирүүго болбойт», — деди.

Эл өкүлү токтолбой, микрофону өчсө дагы ачуусу тараган эмес.