Таласта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирилип жатат

Талас РИИБи милициянын көчмө кабылдамасы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жеткирүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Талас районунда иш чаралар жүргүзүлүп баштады.

WhatsApp Image 2022 02 28 at 09.43.00 Таласта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирилип жатат


Талас районунун мал базарында чогулган калың эл арасында Талас РИИБнин кызматкерлери маркумду жерге коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөөгө, жалпы алынган адеп-ахлактык ченемдерди сактоого чакырышууда.

WhatsApp Image 2022 02 28 at 09.43.01 1 Таласта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирилип жатат

Жергиликтүү тургундар арасында аталган Жарлыкты аткаруу керектиги жана бул чаралар жарандарга кам көрүү, социалдык аң сезимди өзгөртүү максатында экендиги жеткирилип жатат. Талас РИИБнин кызматкерлери аймакты милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырып, топтошкон эл арасында түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Жарандар бул иш чараны түшүнүү менен кабыл алышып, Президенттин Жарлыгын колдоо керектигин айтышууда.


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы