ИИМ: Республика боюнча өткөн «Ууру» ыкчам алдын алуу иш-чарасында 547 кылмыштын бети ачылды

ИИМдин бекитилген графигине ылайык, республиканын аймагындагы криминогендик кырдаалды турукташтыруу, уурулук боюнча адистешкен кылмыштуу топторду, ошондой эле кылмыштуу жол менен алынган мүлктөрдү алууга жана сатып алууга катышкан адамдарды аныктоо жана бетин ачуу максатында 15-16-күндөрү «Ууру» аталышындагы масштабдуу ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 02 26 at 13.28.16 ИИМ: Республика боюнча өткөн «Ууру» ыкчам алдын алуу иш-чарасында 547 кылмыштын бети ачылды


Жер-жерлерде ыкчам-издөө топтору уюштурулуп, республиканын ички иштер органдарынын тартылган түзүмдүк бөлүктөрүнүн күчтөрү жана каражаттарынын эсеби эсептелип чыккан. Борбордо жана облустарда 2700дөн ашык кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери, милициянын участкалык инспекторлору жана балдардын иштери боюнча инспекторлору ЖКККББнын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери жана башка кызматтардын кызматкерлери тартылган.
Кеңири масштабдагы иш-чаранын негизги максаты-уурулук менен алектенген кылмыштуу топторду, адамдарды аныктоо жана бетин ачуу, уурдалган буюмдарды сатуучу жайларды аныктоо, өткөн жылдардагы кылмыштардын бетин ачуу, жарандарга мүлккө кылмыштуу кол салуулардан мыйзамдуу коргоонун каражаттары жана ыкмалары жөнүндө маалымат берүү.

WhatsApp Image 2022 02 26 at 13.28.16 1 ИИМ: Республика боюнча өткөн «Ууру» ыкчам алдын алуу иш-чарасында 547 кылмыштын бети ачылды


Мындан тышкары, мүлктүк кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Рейддик алдын алуу иш-чаралардын жүрүшүндө 547 кылмыштын, анын ичинде мурда жасалган 300 мүлктүк мүнөздөгү кылмыштын бети ачылган. Ошондой эле уурулук боюнча 134, тоноону изин суутпай ачуу боюнча 7, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 4 кылмыштын бети ачылып, 4 ок атуучу курал алынган.
Уурулук боюнча адистешкен 8 топ аныкталып, анын ичинде батир жана чөнтөк уурулук менен алектенген адамдар кармалышкан.


Ошондой эле, кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 26 адам кармалган.
Коомдук жайларда жана транспорттордо чөнтөк ууруларына жол бербөө үчүн мүлктөрдү уурдоону алдын алуу максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы чоочун адамдарга уюлдук телефондорду, акча каражаттарды көрсөтпөөнү, баалуу буюмдарды жана документтерди чөнтөктө сактообону, сумкаларды ар дайым жаныңарда алып жүрүүнү жана текшерип турууну кеңеш берет. Андан сырткары, кылмышкерлердин көңүлүн бурдурбоо үчүн автоунаалардын ичине мүлктөрдү таштабоо керектигин эскертет.
Батир уурулугун алдын алуу үчүн ишенимдүү эшиктерди, кулпуларды, терезелерге торчолорду орнотуп, зарыл болгон коопсуздук чараларын көрүү керек. Батирден чыгуу учурунда эшикти, телезелерди жаап, кулпуларды бекитүү керек. Мүмкүнчүлүк бар болсо видеокөзөмөл орнотуу зарыл. Үй ээлери узак убакытка кетип жатканда сагнализацияны иштетип кетүү керек.

ИИМдин Басма сөз кызматы