Орозов Бактияр Сайпидинович Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин аталган кызматты Калысбек Шадыханов аркалап келген. Ал башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген ордунан бошотулган.
Бактияр Орозов аталган кызмат орунга дайындалганга чейин Президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти болчу.
2021-жылдын 30-июнунда Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын улуттук резервине (жогорку кызмат орундарына) киргизилген.
Министрдин биринчи орун басарынын милдеттерине кадрдык, юридикалык, финансы жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча маселелер кирет.