Владимир Зеленский чукул кайрылуу жасады

Украинанын Президенти Владимир Зеленский чукул кайрылуу жасап, украина элин дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

“Бүгүн Орусия мамлекети бизди басып кирди. Бир гана бомбалар менен атпастан, биз жөнүндө фейк маалыматтарды да таратып жатышат. Маалымат бир гана расмий булактардан алынышы керек. Путин Украина жана бүткүл демократиялык дүйнө менен согуш баштады. Ал биздин өлкөнү, жерибизди жок кылгысы келет.

Мен биздин аскерлерге кайрылгым келет, биз силердин күчүңөрдү билебиз. Украиналыктар дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Чет жактагы мекендештер биз сиздердин жардамыңыздарга жана колдооңуздарга муктажбыз. Биз дүйнөлүк лидерлер менен Путинге карата жамааттык тирешүүнү баштайбыз. Украинага даңк! Зеленский элге ар саатта кайрылуу жасап турарын пландаштырууда”,-деп билдирди ал.