Россия менен Украина мамлекеттеринин ортосунда болуп жаткан аскердик кагылыштан улам Кыргызстан жабыркашы мүмкүнбү? Бул тууралуу BULAK.KG сайты серепчилердин пикирлерин чогултту.
Алмаз Тажибаев–саясат талдоочу: Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышуу бизден алыс эмес
Россия Украинанын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасын” таанып эки өлкө ортосундагы мамиле чыңалып барууда. Батыштын Кремлге карата санкциялары Кыргызстанга да таасирин тийгизиши мүмкүнбү? Бул тууралуу BULAK.KG сайтына саясат талдоочу Алмаз Тажибаев жооп берди.
«Россия түздөн-түз Украинага басып кирбейт, бирок ал өлкөнүн чыгышындагы сепаратисттик күчтөрдү колдоп Украинаны толугу менен көзөмөлдөөгө болгон күчүн жумшай берет.
Түз агрессия болбосо да Россия Грузия менен Абхазияга чабуул кылгандай аракеттерге барып, сценарийлер дал ошого окшошушу мүмкүн. Жалпысынан алганда орустарга Украинанын кереги жок. Болгону ал мамлекетке күч колдонуп, өздөрүнүн коопсуздугу үчүн кызмат кылуусун каалап жатат.
Россия тарабынан сепаратисттик күчтөрдү колдоо улана бере турган болсо, орустарга каршы өтө коркунучтуу санкциялар жасалат. Өлкөнүн экономикасын бир топ кыйын абалга кептей турганы анык. Биз билгендей Россия Евробиримдиктен техника каражаттарынын 45%, химикаттардын 20% жана керектөө товарларынын 10% алып келет. Мындай мүмкүнчүлүктөр колдон чыгып кала турган болсо, Россиянын экономикасынын өнүгүүсү жана модернизациясы кечигет.
Өндүрүштүн кайсы бир түрлөрү такыр токтоп, жакырчылыктын көрсөткүчтөрү өсүп кетиши толук мүмкүн. Кыргызс мигранттарынын көп миллиондогон акча которууларынын агымы да кыскарып калат. Бул себептен сөзсүз түрдө биздин өлкөнүн ансыз да тайсалдаган экономикасына да өз таасирин берет. Эгер мигранттар массалык түрдө артка кайта баштаса, жумушсуздук күч алып, кылмыштуулук да өсүп кетиши ыктымал.
Мындан улам Украинанын чыгышында болуп жаткан согуш же агрессия бизден алыс өтүп жатат деп айтууга болбойт. Россия менен Батыштын кармашынын бизге тиешеси жок деп айтууга болбойт. Биз жана биздин экономикабыз бул өлкө менен ЕАЭБ жана ЖККУнун алкагында тыгыз байланышта турат. Санкциялар киргизилсе кыйын эле болот.
Россия Федерациясы “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасын” тааныган учурда, Корей жарым аралынын тарыхындагыдай болуп Украина чыгыш жана батышка бөлүнүп кетиши мүмкүн”, – дейт Алмаз Тажибаев.
Дастан Бекешев–ЖК депутаты: Россияга карата экономикалык санкциялар бизге да чоң таасирин берет
Россиянын президенти Владимир Путин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасын” таануу боюнча Жарлыкка кол койгон соң, Евросоюз даярдап койгон санкциялар ишке кире баштай турганы маалым. Россия менен Украинанын ортосундагы чыр Кыргызстанга кандай таасирин бериши мүмкүн? Бул тууралуу BULAK.KG сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев оюн билдирди.
“Ачыгын айтканда Владимир Путин өз өлкөсү үчүн көп айдалуу иштерди жасады. 21-кылымда биринчи болуп өз аймагын кеңейткен мамлекет болду. 2014-жылы Крымды алуу менен бул аракетти ишке ашырды. Азыр дүйнөлүк картаны Путин сызып жатат, анда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган болсо да эки майда мамлекет пайда болду.
Батыш бул көрүнүштөргө негативдүү мамиле кылып жатканы түшүнүктүү. Биз да мындай кырдаалда кантип иш алып барып, кандай жолду тандап алышыбыз керек экенин аныктоо оор болот. Экономикалык жактан бизге өтө эле кыйын болот, анткени Россияга карата жасала турган санкциялар каалайбызбы жокпу өз кедергисин тийгизет.
Россияда иштеп жаткан мигранттардын акча которууларынан көз карандыбыз. Доллардын рублге карата наркы көтөрүлө берсе, жакын арада бизде да экономикалык жактан кыйынчылык байкала баштайт.
Тышкы саясат алкагында президент кандай жолду тандап аларын аныкташы керек болот. Прагматикалык жөнөкөй ой жүгүртсөк АКШ алыс Россия мамлекети бизге жакын. Мындан улам ушундай чечимдер болушу керек деп ойлойм”, – дейт Дастан Бекешев.
Эмил Джураев–саясат талдоочу: Кыргызстан чоң чырда Россияны колдобой кое алабы?
Россиянын президенти Владимир Путин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасын” таануу боюнча Жарлыкка кол койгон соң, Евросоюз даярдап койгон санкциялар ишке кире баштай турганы маалым. Россия менен Украинанын ортосундагы чыр Кыргызстанга кандай таасирин бериши мүмкүн? Бул тууралуу BULAK.KG сайтына саясат талдоочу Эмил Жороев оюн билдирди.
“Бул аймактар 2014-жылдан бери аскердик тармактан экономикалык тармакка чейин Россиянын көзөмөлүндө турат. Бул эки мамлекеттин көз карандысыздыгын таануу менен Россия аларды өздөрүнө көз каранды кылып алганы эл аралык аренада жасалган туура эмес кадам десек болот. Дүйңөдөгү бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүнүн жана кол тийбестигинин негизинде куралган эл аралык тартипти бузуп жатат.
Ошол эл учурда бул региондорго байланыштуу маселени дагы оорлотууда. Украина үчүн бул күтүлгөн эле кырдаал болчу, эми кантип чечилет белгисиз, татаал маселе.
Бардык тармак боюнча Россия менен тыгыз алакада болгон биздей өлкөлөргө оор сыноо болуп жатат. Эгер орустар санкциялардын экономикалык же башка түрлөрүнөн жапа чексе, ал көрүнүштөр бизде да кайталана берет. Рублдин артынан биздин валютанын девальвациясы, кымбатчылык, эл аралык деңгээлдеги жүк ташуу көйгөйлөрү да курчуйт. Биз мындай кырдаалды баштан өткөргөнбүз. Бирок азыр болуп жаткан кризис менен бирге мурункудан да күчтүү болушу ыктымал.
Россия Федерациясы жакынкы күндөрү өзүнүн тегерегине ЖККУнун алкагындагы өнөктөштөрүн тартышы мүмкүн. Мындай чечимдерде бизде өз алдынчалуулук жок болгондуктан жоопкерчиликтүү учурлар болот. Россиянын эл аралык мыйзамдарга каршы келген деструктивдик аракеттерин колдобой кое алабызбы деген суроо жаралаууда.
Эгер Россия Украина менен согушуу үчүн барса, албетте алар агрессор тарап болот. Анткени Украина алардын аймагына кирген жери жок. Аскердик аракеттер башталып кетсе Россия ЖККУ күчтөрүнө кайрылышы ыктымал”.
Аида Алымбаева – саясат талдоочу: Россия ЖККУ күчтөрүнө кайрылса мүчө мамлекеттер макул болбойт
2014-жылы Крымды аннексиялап алган кездегидей Европа комиссиясы, АКШ, Канада жана башкалары тарабынан экономикалык кысымдар болот. Россиянын экономикасына зыян тийе турган болсо, биздин мигранттарга да өзүнүн таасирин берет. Акча которуулар азайып, бюджет мурункудай деңгээлде толукталбай калат. Буга байланыштуу социалдык секторго төлөмдөр азайып, пенсия көлөмү менен мугалим жана дарыгерлерге айлык акы төмөндөйт. Экономикалык жактан жабыр тартабыз.
Менимче Россия бул аскердик аракеттеринде ЖККУ күчтөрүн тартпайт. Анткени жаңы деп аталып жаткан “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” аталган уюмдун алкагында жок. Россия ага карабай эле бул аракетти демилгелесе, ЖККУ мүчөлөрү макул болбойт деп ойлойм. Анткени аскерий андай кыймылдын жыйынтыгы ал мамлекеттер үчүн кыйын болуп калат. Реалдуулукка туура келбеген демилге болот. Менимче алар кааласа өз максаттарына жетүү үчүн өздөрүнүн жеке күчтөрүн эле колдонушат”.