Одессада алты адам каза болду, жетөө жарадар

Украинада көз жумгандар жана жарадар болгондор бар. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлигинин башчысынын кеңешчиси Геращенко билдирди.

Одесса облусундагы аскер бөлүгүндө алты адам көз жумуп, жетөө жарадар болду. Ошондой эле, 19 адам дайынсыз жоголду.

Мариуполдо бир адам каза болуп, экөө жарадар болду.