Нарын райондук милициясына Нарын шаарынын тургуну 1952-жылы туулган К.Н. арыз менен кайрылган. Себеби, 2019-жылдын 22-ноябрь күнү Нарын районунун тургуну О.А. аттуу жаранга 14 баш кой, 92 баш козуну 408.600 сомго, 5-декабрь күнү 48 баш тай, 10 баш кунанды 14 68000 сомго саткан. Жалпы суммасы 18 76000 сомго бааланган. Бирок сатып алган жаран жабырлануучунун ишенимине кирип сатылган малдын акысын берем деп алдап, жогорудагы акчанын 256 миң сомун гана берип, ушул күнгө чейин калган акчаны бербей жүргөн.
Аталган факты боюнча Нарын РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан 2022-жылдын 28-январь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Нарын РИИБү тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмыш ишине шектүү катары Нарын районунун тургуну 1985-жылы туулган Ө.А. кармалып, тергөө учурунда кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Шектүү башка да кылмыштарга катыштыгы бар экендиги, жарандардын малдарын алып, акчаларын ушул күнгө чейин бербей алдап жүргөндүгү аныкталган.
Ошондой эле, 2021-жылдын 3-ноябрь күнү 1985-жылы туулган Ө.А. телефон аркылуу жабырлануучуга чалып, алдоо жолу менен ишенимине кирип, 50 баш коюн алдып алып, ар бирин 9000 сомдон баалап, алып кеткен. Жалпысынан 450000 миң сомго бааланган. Бирок ошол күндөн бери жабырлануучуга акчаны бербей алдап качып жүргөндүктөн Нарын шаарынын тургуну 1978-жылы туулган М.Н. милицияга кайрылган.
Шектүү жаран бүгүнкү күндө Нарын ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери уланууда.
Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы