Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош — Баткен жолунда КР жараны “И.у.А.” башкаруусунда “VOLVO FH12” үлгүсүндө автотранспорт каражаты токтотулган. Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 20 миң кг “Карбамид” маркалоосу менен минералдык жер семирткичтер, жалпы салмагы 2 500 кг “Лазер” сортундагы күрүч, жалпы салмагы 1843 кг арпа кебеги товары табылган.
Товардын жалпы наркы 1 млн 349 миң 761 сомду түзөт.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.