Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип 35 жаштагы жаран кармалды.
Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, февраль айынын башында Каракол ШИИБне Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын үч тургуну арыз менен кайрылып, 2019-жылы “Нурлан” аттуу жаран “Кумтөр” ишканасына жумушка орноштуруп беремин деп, акча каражаттарын алып, бүгүнкү күнгө чейин жумушка да орноштурбай, акча каражаттарын да кайтарбай жатканын билдиришкен. Жалпы материалдык чыгым 365000 сомду түзгөн.
Аталган арыздар Каракол ШИИБдин КБРге катталып, кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иштери козголгон.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну Ш.Н. аттуу жаран болуп чыкты, жана ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.
Шектүү дагы алдамчылыктын 9 учуруна катыштыгы бар экендиги аныкталып, ага карата кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Соттун чечими менен шектүүгө бир айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып, учурда тергөө иштери уланууда.